Доминикан Республикасынын борбору Санто-Домингодо түнкү клубдун чатыры урап түшүп, 98 адам каза болуп, 150дөн ашуун адам жабыркады. Бул тууралуу Reuters агенттиги жазды.
Түнкү клубда белгилүү латын ырчысы Рубби Перестин концерти өтүп жаткан маалда имараттын чатыры кулап түшкөн. Анын себеби азырынча белгисиз. Айрым маалыматтарга караганда, ал учурда клубда миңден ашуун адам болгон.
Өзгөчө кырдаалдар агенттигинин жетекчиси Хуан Мануэль Мендес уранды астында калгандарды издөө иштери уланып жатканын билдирди. Анын айтымында, баштапкы төрт саатка созулган издөө иштеринде тирүү киши табылган эмес.