Бакиев Кыргызстанга келе турган болсо, чек арадан өтөрү менен камалат — Камчыбек Ташиев


Курманбек Бакиев Кыргызстанга келе турган болсо, чек арадан өтөрү менен камалат. Бул тууралуу УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев өзүнүн социалдык баракчасынан билдирди.
Ал Конституциялык сот көз карандысыз экенин, анын чечимине бүгүнкү бийликтин эч кандай тиешеси жок экенин айткан.
«Курманбек Бакиев боюнча Жогорку соттун өкүмү күчүндө турат. Ошондуктан эгерде Курманбек Бакиев Кыргызстанга келе турган болсо чек арадан өтөрү менен камалат», — деди УКМК жетекчиси.
Кечээ Конституциялык сот Курманбек Бакиевдин адвокатынын өтүнүчүн карап чыккан. Буга чейин жактоочу “адамды сыртынан соттоп, өкүм чыгаруу Конституцияга канчалык туура келерин” кароону өтүнгөн эле. Сот «Адам Кыргызстанга кайтып келип, сот алдында жооп берүүгө даяр болсо, анда ал ишин кайра каратууга укуктуу» деген чечим чыгарган.