Атамды кечире албай койдум…
Жашым 24кө эми келип, турмуштун ачуу даамын татып баштаганда атамдын жогу билине баштады. Апам мени эч нерседен кем кылбай бакса дагы кызга баары бир атанын мээрими, колдоосу, ишеними керек тура. Ансыз өнсүп жетилген кыз кайсы жерден жылуулук көрсө эле атасынын жетпей калган мээримин ошол жактан издей берет экен. Аны мен эми билип отурам.
Атам иним экөөбүздү кенедей кезибизде башка аялга алмаштырып басып кеткен. Байкуш апам анын жоктугун билдирбейин десе да ичимдеги боштук чоңое берди. Аны ар кайсы жактан толтуруп кетүүгө аракет кылдым. Мектепти бүткөндө билимге баш-отум менен киришип, эң алдыңкы окуучу болуп аяктадым, кийин мыкты студент болдум. Германияга бекер окууга өттүм, бирок апамды аяп чет жакка чыкпай калдым.
Ошентип жүрүп Азамат менен тааныштым, башында сонун, бактылуу башталган сүйүү баяныбыз аягына чыкпай эле урап калды. Таттуу сөздөрүнө алданып, биз бактылуу болобуз десе ага байланып жүрүп, кош бойлуу болуп калдым. Апама айта албай көпкө жүрдүм, акыры ичим чыгып, өзгөрүлүп баштаганда өзү байкап калып катуу чыр чыкты. Азаматтын апасына чалса ал эч нерседен кабары жок экен. Бирок Азамат баарын билчү, бул кабарды уккандан кийин менден алыстап кеткен.
Кийин анын апасы менен менин апам жолугуп, бизди үйлөндүрмөй болушту. Бирок Азамат караманча каршы болуп туруп алды, бул менин балам эмес деп танып да үлгүрдү. Атасынын акыркы сөзү менен түлөө өткөрүп эле никебизди кыйып коюшту. Менин ак көйнөк кийип, чоң той берем деген кыялдарымдын баары жел болуп учуп кетти.
Айла жок, жашаганга туура келди. Бирок Азамат жашатпастын айласын кылып күнүгө уруш чыгарып, мени жек көрүп баштады. Бара-бара кол көтөрүп, башка, көзгө ургулаган адат тапты. Чыдайм дедим, бирок акыркы жолу катуу сабалганымда ооруканадан ойгондум.
Карасам жанымда көз жашын тыя албаган апам менен айласын издеген инимди көрдүм. Курсагымда жаткан наристем эбак эле периште болуп учуп кетиптир. Башыма катуу чапкан окшойт, көп нерсе эсимде жок.
Дүйнөм тарып, асманым кулап, баарынан көңүлүм калып жатып калдым. Турганга шайым да жок.
Бир күнү уктап жатсам сыртта катуу кыйкырык үндөрдөн чоочуп ойгондум, тыңшап турсам апам менен Азамат урушуп жатыптыр.
“Кызыңды алып кетпесең мындан да жаман болот, кеч боло электе ажырашсын” деп Азамат жулкунуп атыптыр. Апам болсо арыз жазып, түрмөдө чиритерин айтты. Ары жактан иним келип Азаматты алып чыгып кетти.
Өмүрүмдө апамдын мынча катуу ыйлаганын көргөн эмесмин, Азамат чыгып кетери менен шолоктоп боздоду, өзүн күнөөлөп, өткөн өмүрүнө, мени туура эмес адам менен үйлөндүрүп салганына кейидиби, айтор апамдын үнүнүн дирилдегенинен унчукпай мен да боздодум.
Атам апамды бактылуу кылса мындай күндөрдү көрмөк эмесмин, аталык мээримди башка адамдан издебейт болчумун…
Баарын билип, угуп турса да бир басып келбегенине нааразы болуп, ошондо жек көрүүм өсө баштады. Анткени атам менен инимдин байланышы бар экенин билчүмүн, экөө жашыруун катташып да турат. Мен билбестикке салып койгом.
Ооруканадан көп убакытта чыктым, бирок сыртым айыкканы менен ички жан дүйнөм дагы эле жаралуу…
Аны качан, кантип айыктырам билбейм, бир билгеним, мындан кийин апамдын ыйлашына эми жол бербейм.
Төрөлбөй калган наристем үчүн бир чети кубандым, себеби, ал да мендей болуп бир канаты менен учканын каалаган жокмун.
Ата – төрөтүп коюп басып кеткен эмес, төрөлгөндөн кийинки өмүргө камкор болуу экенин бардык ата билишсе экен. Сиздерге билинбегени менен кыздардын кийинки тагдыры аталарга байланыштуу, ата берген сүйүү менен чоңойгон кыз эртеңки келечегин татыктуу тандай алат, анткени ага кандай жолдош керек экенин атасынын карааны көрсөтүп турат.
Автор: Асель Жаныбек
Бул макала “Kadam-media.kg” маалыматтык порталынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазуу жүзүндөгү уруксаты менен гана мүмкүн

