Коом

Аскат Тейит COVID-19га чалдыккан Бакиевдердин ден соолугу тууралуу ачык айтып берди

Кыргыз Республикасынын мурдагы президенти Курманбек Бакиевдин бир тууганы Жаныш Бакиев коронавируска чалдыгып, сакайганы айтылган. Бул тууралуу NazarNews маалымат агенттиги журналист Аскат Тейитке байланыштык.

— Саламатсызбы, Аскат мырза. Жаныш Бакиевдердин үй-бүлөсү менен коронавирус инфекциясына чалдыгып, сакайганы айтылды?

— Ооба, чын эле Жаныш Салиевич ооруду. 21-кылымда эч бир маалыматты жашыра албайсың.

— Жаныш Салиевич ооруну кандай көтөрдү? Абалы оор болгон жокпу?

— Абалы жакшы эле болду. Алар илдеттин эң коркунучтуу түрү менен эмес, жеңил түрү менен ооруп, сакайышты. Азыркы учурда ал жана анын үй-бүлөсү өздөрүн эң жакшы сезип жатышат. 

 — Жаныш Салиевичтин бир туугандары аталган ооруну жуктуруп алышкан боюнча социалдык тармактарда кеп болууда?

— Мен так маалымат берейин: азыр анын үй-бүлөсү жана Курманбек Салиевичтин ден соолугу жакшы. Жаныш Салиевич азыркы тапта өз үйүндө. Бакиевдердин башка ага-инилеринин эч кимиси COVID-19 илдетин жуктурган эмес.

— Маегиңизге рахмат.

Булак: NazarNews.org

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button