Коом

Чек арадан ок жеген жоокер Москвага жеткирилет

Кыргыз-тажик чек арасында 8-майда жарадар болгон кыргыз жоокерди Москвадан операция жасалат. Бул тууралуу өкмөт башчынын маалымат катчысы Адилет Султаналиев 24-майда «Твиттерге» жазды.

«Бул маселе көзөмөлдө. Жоокердин апасы менен жолугушуу өткөрүлүп, операциянын эки варианты талкууланган. Бишкекте консилиум болгон. Дарыгерлер операцияны бул жактан жасай алышат. Бирок ата-энеси Москвадан деп суранууда. Чек аралардын жабыктыгына байланыштуу аны Москвага жеткирүү маселеси каралып жатат»,- деди ал.

Бейтаптын абалын дарыгерлер туруктуу деп баалап жатышат. Буга чейин дагы мамлекет башчысы Сооронбай Жээнбеков жарадар болгон жоокердин ал абалын сурап кайткан.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button