Маданият

Өлкөнүн кооз 10 жайына барып, сүрөткө түшүп жөнөткөндөргө сыйлык ыйгарылат

Маданият, маалымат жана туризм министри Азамат Жаманкулов министрлик тарабынан Кыргыз жарандарына сынак уюштурулуп жатканын бүгүнкү маалымат жыйында билдирди.

«Министрлик Кыргыз жарандары үчүн ички туризмди өнүктүрүү максатында жаңы сынак уюштуруп жатат. Анын талабы боюнча, өлкөнүн 10 кооз жайларына, тарыхый жерлерге барып эс алып, сүрөткө түшүп, ошол боюнча бизге селфи түрүндө сүрөттөрүн жөнөтүүсү керек. Алар: Бурана комплекси, Өзгөн мунарасы, Таш-Рабат, Сары-Челек коругу, «Манас» күмбөзү, Санташ, «Сказка» каньону, Арсланбап жаңгак токою, Сулайман тоо. Ушул жайларга барып, фонунда сүрөткө түшүп, биздин социалдык тармактагы баракчаларыбызды белгилеп, сүрөтүн жөнөтсө, ошол жарандарыбызга «Ардактуу турист» деген наам ыйгарабыз. Андан сырткары белек-бечкектер да берилет», — деп билдирди министр.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button