Бул тууралуу AFP жазды. Ал 88 жашта болчу.
Февраль айынын ортосунда Рим папасы Франциск бронхит оорусу менен ооруканага түшкөн. Кийинчерээк анын абалы бир топ начарлап кеткен – ага эки тараптуу пневмония диагнозу коюлуп, бир нече жолу жасалма дем алдыруучу аппаратка туташтырылган.
23-мартта Франциск 38 күн ооруканада жаткандан кийин Ватиканга кайтып келген. 20-апрелде Пасха майрамына карата сөз сүйлөгөн.