Кытайдын түндүгүндө жашаган тогуз жаштагы кыз 25-кабаттан кулап, аман калды. Бул тууралуу “Синьхуа” маалымат агенттиги жазды.
Маалыматка караганда, окуя күн мурун Хэбэй провинциясынын Таншан шаарында болгон.
Апасынын айтымында, кыз терезени ачууну чечкен. Бирок терезе сапатсыз болгондуктан сынып, ал 25 кабат ылдыйда жайгашкан аянтчага кулап түшкөн. Атасы кызды кечки тамакка чакырганы барганда аны таппай, терезени карап эч кимди көргөн эмес.
Үй-бүлө кыздын кайда экенин турак жай комплексинин жетекчисинен билишкен.
Таншандагы бардык ооруканалар аны кабыл алуудан баш тарткандыктан, ата-энеси кызды шашылыш түрдө 200 чакырым алыстыктагы Пекинге алып кетишкен.
Ага омурткалары сынган деген диагноз коюлган. Мээси жабыркаган эмес.