Саясат

БШК шайлоо кампаниясына баннерлерди даярдоого 2,1 миллион сом сарптайт

Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук шайлоо комиссиясы  баннерлерди басып чыгарууга тендер жарыялады. Бул тууралуу өкмөттүн сатып алуулар порталы кабарлады.

Ага ылайык, БШК бул максаттарга 2 миллион 132 миң 100 сом коротууну пландап жатат. Мунун ичине баннерлердин дизайнын да баасы  кирет.

Эске салсак, жергиликтүү шайлоо Ош, Каракол, Балыкчы, Майлуу-Суу, Токмок жана 25 айыл кеңештеринде 12-апрелде өтүшү керек болчу, бирок коронавирустук инфекциянын жайылуу коркунучу болгондуктан, алар белгисиз мөөнөткө жылдырылган.


Шайлоо кампаниясына катышуу үчүн 22 саясий партия арыз берген. Ал эми, жетинчи чакырылыштагы парламенттик шайлоо 4-октябрга белгиленген.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button