Түркиянын Стамбул шаарында саат 15:50дө күчү 6,2 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу АКШнын Геологиялык кызматы (USGS) кабарлады.
Маалыматка караганда, зилзаланын очогу калкы 160 миңден ашуун Бүйүкчекмеже аймагынан 40 чакырым түштүк-батышта болуп, 12 чакырым тереңдикте жайгашкан.
Азырынча кыйроолор жана жабыркагандар тууралуу маалымат жок.