Түркиянын парламент спикери Нуман Куртулмуш мекемелерди жана элди Түркияда «босогодо» турган жер титирөөгө даяр болууга чакырды. Бул тууралуу Анадолу агенттиги жазды.
«Стамбулда жер титирөө күтүлүп жатат. Мекемелер, жарандар мүмкүн болгон жер титирөөнү эң аз жоготуу менен жеңүүгө даяр болушубуз керек»,- деген ал.
- Кечээ, 23-апрелде саат 12:49да Стамбулда күчү 6,2 баллга жеткен жер титирөө болуп, 10 секундага созулган.
- Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги маалымат таратып, жабыркагандардын арасында Кыргыз Республикасынын жарандары жок экенин билдирди.
- Жардам керек болгон учурда Кыргыз Республикасынын жарандары Кыргыз Республикасынын Стамбул шаарындагы Башкы консулдугуна +90 53510772 12 номурларына чалса болот.