«Тилдик көп түрдүүлүк жана маданияттардын диалогу» аталыштагы Эл аралык конференция болуп өттү


2025-жылдын 25-апрелинде Б.Н. Ельцин атындагы Кыргыз-Россия Славян университетинде (КРСУ) Илим жана инновациялар күнүнө карата арналган «Тилдик ар түрдүүлүк жана маданияттар аралык диалог» темасында эл аралык илимий-практикалык конференция болуп өттү.

Конференциянын максаты – тилдердин өз ара аракеттенишүүсүн, иштешин жана сакталуусун изилдөөдө илимий коомчулуктун күчүн бириктирүү, ошондой эле тил үйрөнүү жана окутуу ыкмаларын маданий мурастарды сактоонун каражаты катары кароо болду. Өзгөчө көңүл көп тилдүүлүктү жөнгө салуу моделдерин полиэтникалык коомдордо талдоого бурулду.

Конференциянын ачылышында КРСУнун илимий иштер жана инновациялар боюнча проректору, Евгений Шекунов жана Кыргызстандын элдер ассамблеясынын кеңешинин төрагасы Алманбет Матубраимов катышуучуларга кайрылуу жасашты.

Пленардык жыйында Кыргызстан, Россия жана Испаниянын алдыңкы окумуштуулары докладдар менен чыгып сүйлөштү. Заманбап тилдик процесстер боюнча илимий көз караштар төмөнкү баяндамаларда чагылдырылды:

ф.и.д., профессор Замира Дербишева (КРСУ) — Кыргызстандагы тилдик кырдаалдын тренддери жана көп маданияттуу коомдо орус тилинин ролу тууралуу изилдөөсүн сунуштады;

ф.и.д., профессор Иннара Гусейнова (МГЛУ, Москва) — табигый тилдердин маданияттар аралык өз ара аракеттешүүдөгү ролуна токтолду;

саясий и.к., доцент Алмаз Ибраев (КТУ «Манас») — Кыргызстандын мисалында тилдин ар түрдүүлүгүнүн маданияттар аралык диалогго тийгизген таасирин баяндады;

ф.и.д., профессор Рафаэль Гузман (Гранада университети, Испания) — Испаниядагы русистика багытындагы тажрыйбасы менен бөлүштү;

ф.и.д., профессор Мамед Тагаев (КРСУ) — Кыргызстандагы тилдик кырдаалдын негизги компоненттери катары кыргыз жана орус тилдери тууралуу баяндама жасады.

Конференциянын алкагында «Тилдин ар түрдүүлүгүнүн когнитивдик аспектилери» аттуу секциялык жыйын болуп өттү. Анда көп тилдүүлүк, маданияттар аралык диалог, тил жана иденттүүлүк, тилдердин когнитивдик өзгөчөлүктөрү жана чет тилдерди окутуу ыкмалары сыяктуу актуалдуу темалар талкууланды.

Бул конференция илимий идеялар жана практикалык тажрыйбалар менен алмашуу үчүн маанилүү аянтча болуп, тил саясаты жана маданияттар аралык байланыштар боюнча кызыгуунун жогору экенин көрсөттү. Ошондой эле жаш адистердин илимий изилдөөлөргө болгон кызыгуусун арттырууга өбөлгө түздү.