Бишкектеги автокырсыктан 17 жаштагы өспүрүм каза болду


Кырсык боюнча ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынан маалымат беришип, скутердин айдоочусу окуя болгон жерде каза болгонун билдиришти.

Милициянын кайгуул кызматынан кырсыктын чоо-жайын айтты. Маалыматка караганда, 24-апрелде саат 21:50 чамасында 2008-жылы туулган скутер айдоочусу Садырбаев көчөсү менен кетип бара жатып, Кара-Коо көчөсүнө жеткенде Мерседес-Бенц унаасынын арткы сол жагына урулган. Андан соң скутер айдоочу жолдун сол тарабында бара жаткан ISUZU FVR340 унаасынын арткы оң тарабына урулуп, 2008-жылы туулган айдоочу көз жумган.