Саясат

Москвадан кайтып келген делегация мүчөлөрү кайрадан коронавируска анализ тапшырды

Президент Сооронбай Жээнбеков баштаган Кыргызстандын делегациясы кечээ, 24-июнда Россия Федерациясынын Москва шаарынан кайтып келди. Бул тууралуу өлкө башчынын басма сөз кызматы билдирди.

Санитардык-эпидемиологиялык иш-чаралардын алгоритмине ылайык, делегация мүчөлөрү коронавирус инфекциясына кайрадан анализ тапшырышты.

Буга чейин белгиленгендей, алардын бардыгы, анын ичинде мамлекет башчысы дагы анализдери чыкканга чейин 3 күндөй өз алдынча обочолонууда болушат. Москвада анализдеринде илдет аныкталгандар 14 күн обочолонууга алынат.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button