2025-жылдын 25-апрелинде Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары – Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы, генерал-полковник Камчыбек Ташиев Россия Федерациясынын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Сергей Вакуновду кабыл алды.
Тараптар бүгүнкү күндө Кыргызстан менен Орусияны бирдей тынчсыздандырган маселелерди талкуулашты. Ал эми сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө алар Россотрудничествонун штаттан тышкаркы кызматкерлери тарабынан жасалган мыйзам бузуулар жазасыз калбайт деген бүтүмгө келишти.
Мындан тышкары, Россотрудничествонун штаттан тышкаркы кызматкерлери – КР жарандары тарабынан жасалган укук бузуулардын оордугун эске алып, тергөө алардын баш коргоо чарасын үй камагына өзгөртүүгө мүмкүн деп тапты.
Апрель айында Кыргызстанда жана Орусияда биринин артынан бири кубалаган окуялар болуп өттү. Анын бири «мончо-дарбаза» деп аталып келген Москвадагы «Бодрост» мончо комплексинде орун алган.
Көп өтпөй Кыргызстанда бир нече чуулгандуу камакка алуулар болду. УКМКнын кызматкерлери Ош шаарындагы Орус үйүнүн кызматкерин, Ош шаардык мэриясынын басма сөз катчысы жана Виктор Васильевди кармады. Бул маалымат интернетте чагылгандай тездик менен жайылып, чагымчыл билдирүүлөр көбөйүп кеткендигине таянып Кыргызстанда да, Орусияда да биздин мамлекеттердин ортосуна жик салууга багытталган деструктивдүү күчтөр бар деген тыянак чыгарууга болот. Мончодогу окуя видеого караганда ОМОНдор кирип келип, бардык мигранттарды ылгабай «куугунтуктай» баштаганын Кыргызстандын атайын кызматы дароо эле айрым кызыкдар тараптардын ишине аралаштырган.
Биринчиси себеп, экинчиси кесепет деп аталып, жыйынтыгы өтө опурталдуу билдирүү болду: Кыргызстан «кыргыз мигранттарын кордогону үчүн» Орусиядан «өч алууда», ал эми Орус үйү («Россотрудничество») менен байланышы бар жарандардын камакка алынышы орус тарапка кандайдыр бир «жооп» болуп саналат дегендер да болду.
Орус үйү менен байланышы бар адамдардын, өзгөчө Виктор Васильев өңдүү инсандардын кармалышын эч ким саясий планга которо албайт. Кыргыз Республикасы менен Россия Федерациясынын орток тарыхы, убакыт сынынан өткөн достук жана дипломатиялык мамилелери бар жана эки тараптуу олуттуу жаңжалдарга эки тарап тең жол бербейт.

