Кылмыш-кырсык

Караколдо айдоочу уурдалган унааны башкарып баратып жол четиндеги бакты сүзүп каза болду

Бүгүн түнү Каракол шаарында айдоочу жол четиндеги бакты сүзүп каза болгону маалымдалган. Бул тууралуу  Ысык-Көл ОИИБинин басма сөз кызматы кабарлады. Маркум айдап бара жаткан Ауди А6 унаасы уурдалып бара жатканын маалымдады.

Анда айтылгандай, кырсык тууралуу маалымат Каракол ШИИБине түнкү саат 03:00 чамасында келип түшкөн. Окуя болгон жерге барган тергөө-ыкчам тобу баштапкы иликтөө иштеринин жүрүшүндө 22 жаштагы И.Ф. жана 18 жаштагы Ш.М. Караколдогу СИЗО-23түн жанында турган Ауди А6 унаасын уурдап качышканын такташкан. Алар Каракол шаарынын тургундары, унааны токтоп турган жеринен саат 02:30 чамасында айдап кетишкен. Уурдалган унаа менен алар Пристань айылын көздөй бет алышкан. Бирок Ф.И. жолдон рулду башкарууну жоготуп, жол четине чыгып, бакты сүзүп алган.

«Унаадагы 18 жаштагы адам учурда Ысык-Көл облустук бириктирилген ооруканасында жатат. Бул факты Каракол ШИИБинде Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталды. Ыкчам тергөө иштеринин жүрүшүндө уурдалган унаанын ээси Жети-Өгүз районунун Ан-Остон айылынын 31 жаштагы тургуну Т.Т. экендиги белгилүү болду. Андан унаасынын уурдалганы боюнча арыз алынды», деп жазылат маалыматта.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button