Түркиянын Самсун провинциясында жер көчкү жүрүп, бир үй-бүлөнүн 3 мүчөсү каза болду. Бул тууралуу «Сон дакика» басылмасы жазды.
Маалыматка караганда, жер көчкү унаа жуучу жайда болуп, андагы унааны басып калган. Ата 2 баласы менен көз жумду. Ал эми аял аман калган.
Самсундун мэри дарыгерлердин аракетине карабастан ата-балдар каза болгонун билдирди.