Коом

Камчыбек Ташиев жубайы менен ооруканага түштү

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Камчыбек Ташиев жана анын жубайы ооруканага жаткырылды. Маалыматты саясатчынын бир тууган иниси Шайырбек Ташиев ырастады.

Анын айтымында, агасы алгач өз үйүндө ооруп, дене табы көтөрүлгөн. Кечээ, 3-июлда борбордогу ооруканалардын бирине көрүнүшкөндө эки тараптуу пневмония болгону аныкталган.

«Бүгүн агабызды ооруканага жаткырдык. Буга чейин жеңем да (К.Ташиевдин жубайы) пневмониядан улам ооруканага жаткан болчу», — деди Шайырбек Ташиев.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button