Израилди тарыхтагы эң ири өрт каптады


Иерусалимдин айланасындагы дөңсөөлөрдөн чыккан өрттөн улам Израил коркунучтун эң жогорку деңгээли тууралуу эскертти. Куткаруучулар өрттүн очогу алты жерде тутанганын айтышууда.

Израилдеги катуу шамалдан улам өрт өтө тез жайылып кетти. Шамалдын ылдамдыгы орточо эсеп менен 100 км/саатка чейин жетип, анын багыты өзгөргөнү тууралуу маалыматтар чыкты.

Учурда Иерусалим бардык жагынан өрттүн курчоосунда калды. Шаардан чыгуу үчүн бир гана трасса ачылып, тыгын пайда болду, эл көп. Өлкөнүн борборун байланыштырган дагы бир чоң жолдо эл жүздөгөн унаасын таштап качууга аргасыз болду.

Израилдин өрткө каршы кызматынын маалыматы боюнча, бул Израилдин тарыхындагы эң күчтүү жана масштабдуу өрттүн бири.

Өрттүн очогуна жакын турган, Иерусалимдин чет жакаларында жайгашкан алты конуш эвакуацияланды. Он алты кишинин ооруканага жеткирилгени кабарланды, алардын абалы жакшы.

Иерусалимдин айланасындагы өрт палестиналык конуштарга да коркунуч келтириши мүмкүн, алар абдан жакын жайгашкан. Ошондон улам Рамалла шаарынын бийлиги израилдик куткаруучулар менен бирге өрткө каршы күрөшүүгө даяр экенин айтты.

өрт

Израилдин маалымат каражаттары кара түтүн Бен-Гурион эл аралык аэропортун карай жылып баратканын кабарлашты. Азырынча аэропорт кадимки тартипте иштеп жатат. Бирок айрым учуп-конуу тилкелерин каптаган кара түтүн учкучтардын көрүүсүнө тоскоолдук жаратышы мүмкүн экени кабарланды.

Аэропорттун жетекчилиги өрт Тель-Авивди көздөй жылса, башаламандык жаралышы мүмкүн экенин эскертти.

Өрттү өчүрүүгө Израилдин бардык куткаруу кызматтары, өрт өчүрүүчүлөр жана аскердик авиация, ошондой эле ЦАХАЛ тартылды. Алардын аракеттери штаб аркылуу координацияланууда, ал жерге Израилдин Коргоо күчтөрүнүн өкүлдөрү да келишкен.

Улуттук коопсуздук министри Итамар Бен-Гвир өлкөнүн коргоо министрине кайрылып, бардык шарттарда уча алган жана 18 миң литрге чейин сууну, химиялык заттарды ташууга жөндөмдүү болгон «Шимшон» транспорттук учактарын берүүнү өтүндү.

Соңку маалыматтарга караганда, биринчи «Шимшон» буга чейин «Тель-Ноф» аскер базасынан учуп чыккан. Бул учактардын жарандык операцияларга катышуусу өтө сейрек көрүнүш.

өрт

Греция, Кипр, Хорватия, Болгария жана Италия өрт өчүрүү үчүн тик учактарды жана учактарды Израилге жөнөтүштү.

Калың түтүн жана аба ырайынан улам алардын Израилге жетиши кыйынчылык жаратат, бирок Бен Гурион аэропортунун диспетчердик кызматы италиялык жана хорватиялык учактар Тель-Авивге конгону жатканын билдирди.

Өрттү өчүрүүгө жардам берүү үчүн Грециядан да супертанкер келери күтүлүүдө.