Трамп 8-майды Экинчи дүйнөлүк согушту жеңген күн деп атады


АКШ президенти Дональд Трамп 8-майды Экинчи дүйнөлүк согушту жеңген күн деп атады.

«Биздин көптөгөн өнөктөштөрүбүз 8-майды Жеңиш күнү катары майрамдашат, бирок биз Экинчи дүйнөлүк согушту жетүүдө көптөгөн өлкөлөргө караганда чоң салым кошконбуз. 8-майды Экинчи дүйнөлүк согушту жеңүү күнү, 11-ноябрды Биринчи дүйнөлүк согушту жеңүү күнү деп атайм», — деп жазды Трамп Truth Social социалдык тармагына.

АКШ президенти «жеңишти майрамдоого мезгил» келгенин белгиледи.

«Эки согушта тең биз жеңгенбиз, эч ким бизге күчү, баатырлыгы жана аскердик чеберчилиги жагынан караандаган эмес, бирок биз майрамдабайбыз, анткени ишти кылган мурдагы лидерлерибиз жок», — деп белгилеген Трамп.