Коом

Россия иштеп чыккан вакцинаны сынаган ыктыярчылар коронавируска каршы иммунитетти иштеп чыгышты

Сеченов университетиндеги вакцинаны сынап көргөн ыктыярчылардын бардыгы коронавируска каршы иммунитетти иштеп чыгышты, деп билдирет РИА Новости Сеченов университетинин Дары-дармектерди клиникалык изилдөө борборунун башчысы Елена Смолярчукка шилтеме берип.

Буга чейин Сеченов университетинде коронавирустук вакцинаны текшерген ыктыярчылардын экинчи тобу 20-июлда, биринчи топ 15-июлда оорууканадан чыгарылганы кабарланган.

 «Эгерде вакцина өзүнүн натыйжалуулугун далилдей турган болсо, анда ал катталып, ири масштабдуу изилдөө иштери башталат, ага көптөгөн адамдар катышып, эмделип, иммунитет канчага чейин созулат деген суроого жооп беришет», — деди Смолярчук.

Анын айтымында, үч жумадан кийин иммундук системанын реакциясы башталганда, коргоо жагынан эң жогорку деңгээлге жетет.
Смолярчук эмдөөдөн кийинки иммунитет канчага чейин созуларын айтуу кыйын, себеби, илимпоздор бул суроого клиникалык сыноолордун кийинки баскычынан соң жооп бериши керек деп кошумчалады.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button