Садыр Жапаров Индия менен Пакистанды ынтымакка чакырды


Президент Садыр Жапаров Индия менен Пакистандын ортосундагы чыңалуунун күчөшүнө байланыштуу билдирүү жасады.
Мамлекет башчы Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө болгон эки өлкөнү ынтымакка чакырып, Кыргызстан дайыма туруктуулукту, коопсуздукту жана эл аралык укукту урматтоону жактай турганын белгиледи.

«Эки тарапты сабырдуулукка, чыр-чатактын мындан ары күчөшүнө жол бербөөгө жана тынчтык жолу менен чечүү үчүн сүйлөшүүлөргө кайтууга чакырабыз», — деди Жапаров.

Өткөн түндө Индия Пакистанга сокку уруп, «Синдур» операциясы башталганын, анын алкагында Пакистандын «террордук инфраструктурасына» сокку урулганын билдирди. Чабуул тогуз жерге жасалган. Ошондой эле Исламабаддын «ой келди аткылоосунун» кесепетинен үч киши каза болгонун кошумчалаган.
Пакистан армиясы индиялык соккунун кесепетинен сегиз киши каза таап, 35и жаракат алды деп кабарлады. Өлкөнүн премьери Индияга «өлкө болгон күчү менен толук жооп берүүгө укуктуу» экендигин билдирип, Улуттук коопсуздук кеңештин жыйынын чакырды. Өкмөт башчынын айтымында, Пакистандагы калктуу беш жерге чабуул жасалган. Исламабад аба мейкиндигин 48 саатка жаап, Куралдуу аба күчтөрү индиялык беш истребителди атып түшүргөнүн айткан.