Саясат

Бишкек шаарына курула турчу 100 орундуу кошумча жугуштуу оорулар ооруканасынын курулушу башталды

Бишкек шаарына курула турчу 100 орундуу кошумча жугуштуу оорулар ооруканасынын курулушу башталды. Оорукананын курулушунун пайдубалын түптөө иш-чарасына президент Сооронбай Жээнбеков катышы. Бул тууралуу президенттик аппараттан билдиришти.

«Жылуу мезгилде стационарлардын иши жакшы жүрүүдө, эл келип тиешелүү дарылануусун алып жатышат. Стационарларга кайрылган бейтаптардын саны азайып баштаганы бизди кубандырат. Азыр пандемиянын экинчи толкуну болушу мүмкүндүгү айтылууда. Андыктан, биз күзгө жана кышка даяр болушубуз керек. Бул багыттагы тиешелүү иштер жүрүп жатат», — деген президент.

Президент муну менен катар мамлекеттик жеке өнөктөштүктүн алкагында инвесторлорду тартуу менен Бишкекте, Ошто жана өлкөнүн бардык аймактарында комплекстүү ооруканалар курула тургандыгын баса белгиледи.

«Биздин жарандар заманбап медициналык кызмат көрсөтүүлөрдү комплекстүү түрдө бир жерден ала алгандай көп багыттуу ооруканаларды курабыз. Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк принциби боюнча кызматташууга кызыкдар инвесторлор бар«, — деди Сооронбай Жээнбеков.

Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарбасы мамлекеттик агенттигинин директору Урматбек Кокочаровдун маалыматы боюнча оорукана Республикалык клиникалык жугуштуу оорулар ооруканасынын аймагында тез тургузулуучу конструкция менен курулат.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button