ТИМ Индия менен Пакистанга барбай турууну сунуштады


Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги Индия менен Пакистандагы абал турукташмайынча мекендештерге ал жактарга барбай турууну сунуштады.
Ал эми учурда эки мамлекетте жүргөн мекендештерди этият болуп, жергиликтүү бийликтин көрсөтмөлөрүн так аткарууну суранат.
«Пакистан авиация органдарынын маалыматына ылайык, Исламабад шаарындагы эл аралык аэропорт убактылуу бардык каттамдар үчүн жабылган. Пакистандын жарандык авиация башкармалыгы кырдаал турукташкандан кийин аба каттамдары кайра жанданарын билдирген», — деп айтылат маалыматта.
Өзгөчө кырдаал жаралса, кыргызстандыктар төмөнкү номерлерге кайрылса болот:
КРдин Индиядагы элчилиги — +91 9599921779;
КРдин Пакистандагы элчилиги — +92330 3717 771.
Өткөн түндө Индия Пакистанга сокку уруп, «Синдур» операциясы башталганын, анын алкагында Пакистандын»террордук инфраструктурасына» сокку урулганын билдирди. Чабуул тогуз жерге жасалган. Ошондой эле Исламабаддын «ой келди аткылоосунун» кесепетинен үч киши каза болгонун кошумчалаган.
Пакистан армиясы индиялык соккунун кесепетинен сегиз киши каза таап, 35и жаракат алды деп кабарлады. Өлкөнүн премьери Индияга «өлкө болгон күчү менен толук жооп берүүгө укуктуу» экендигин билдирип, Улуттук коопсуздук кеңештин жыйынын чакырды. Өкмөт башчынын айтымында, Пакистандагы калктуу беш жерге чабуул жасалган. Исламабад аба мейкиндигин 48 саатка жаап, Куралдуу аба күчтөрү индиялык беш истребителди атып түшүргөнүн айткан.