Aero Nomad Airlines авиакомпаниянын 8-майга белгиленген каттамы Пакистандын аба мейкиндиги чектегендиктен токтотулду. Анын натыйжасында Кыргызстандын бир катар жарандары Нью-Делинин эл аралык аэропортунда кыйынчылыкка дуушар болушту.
Авиакомпаниянын маалыматы боюнча, учактардын альтернативдүү каттамдар боюнча үчүнчү өлкөлөр аркылуу узак учууга техникалык мүмкүнчүлүгү жок. Негизги маршрут Индия менен Пакистандын ортосундагы чек ара чегинин үстүнөн өтөт.
Коопсуздук үчүн жогорку тобокелдиктерди эске алуу менен бул багытта учуу мүмкүн эмес деп айтылып, бул каттамдын токтотулушуна себеп болгон.
Азыркы учурда жарандарды мекенине кайтаруу үчүн башка жеткиликтүү рейстерге авиабилеттерди сатып алуу маселеси иштелип жатат. Индиядагы элчилик жарандар менен ар дайым байланышта болуп, жардам берүү үчүн бардык чараларды көрөт.
Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги эки өлкөнүн ортосундагы азыркы чыңалган кырдаалга байланыштуу жарандарды Индия менен Пакистанга барбоого чакырат.
Эскерте кетсек, жаңжалдын күчөшүнө байланыштуу Индия менен Пакистандын ортосундагы аба мейкиндиги жабылган. 7-майда коопсуздук чараларынан улам 200дөн ашык аба каттамы токтотулуп, 18 аэропорттун иши токтотулуп, ондогон эл аралык каттамдар башка багыттарга жиберилди.