9-майда Ноокат районундагы «Сахаба» эс алуу аймагында өткөн алыш күрөш боюнча мелдеш учурунда күйөрмандардын ортосунда жаңжал чыккан. Бул тууралуу ИИМдин басма-сөз кызматы билдирди.
Милициянын маалыматына караганда, окуя тууралуу кабар райондук ички иштер бөлүмүнө турнир өткөн күнү түшкөн.Окуя катталып, териштирүү иштери башталды. Жабыркагандар жок.