Шри-Ланкада автобус кулап, 21 киши каза болду


Бул тууралуу РИА Новости жазды.

Маалыматка караганда, Шри-Ланканын транспорт башкармалыгына таандык унаа Нувара Элия аркылуу Катарагамадан Курунегалага бара жаткан.

Автобус Нувара Элия-Гамбала жолунда Котмалай Керантелла аймагындагы тоодон кулап түшкөн. Кырсыктын кесепетинен 21 адам каза болуп, жаракат алгандардын саны 30дан ашкан.