Түрк аба жолдору Стамбул — Бишкек — Стамбул каттамын жандандырат
Түрк аба жолдору Стамбул — Бишкек — Стамбул каттамын жандандырат. Бул тууралуу бүгүн, 5-августта Түркиянын Кыргызстандагы элчилиги билдирди.
Белгилүү болгондой, учуулар жумасына эки жолу жүргүзүлөт.
Бирок, Стамбул — Бишкек каттамы боюнча учууга
Кыргызстандын жарандарына гана уруксат берилет.
Чет өлкөлүк жарандардын, анын ичинде түрк жарандарынын кирүүсүнө бир катар
өзгөчө учурлардан тышкары, тыюу салынат.
Атап айтканда, өзгөчө шарттар төмөнкүлөргө тиешелүү:
дипломатиялык өкүлчүлүктөрдүн кызматкерлери жана алардын үй-бүлө мүчөлөрү;
дипломатиялык өкүлчүлүктөрдүн суроо-талабы колдонулган чет мамлекеттердин жарандары (атап айтканда, W1 жана W2 визаларынын ээлери);
чет мамлекеттердин жарандары болуп саналган расмий делегациянын мүчөлөрү;
Кыргызстанда иштөө визасы бар чет өлкөлүк жарандар;
Кыргыз Республикасынын жарандарынын жакын туугандары болгон чет өлкөлүк жарандар;
жүк ташуучулар;
учкучтар жана айдоочулар.
Элчиликтин маалыматы боюнча, Кыргызстандын жарандарына өлкөгө кирүү үчүн ПЦР тестин кереги жок.