Канадада токойдогу өрттүн кесепетинен эки адам көз жумду


Бул тууралуу Известия CTV телеканалына таянып билдирди.

Маалыматта белгиленгендей, Манитоба провинциясындагы токойдогу өрттүн аянтты 100 миң гектарга жетти.

Эки адамдын сөөгү 13-майда Лак-дю-Бонне округундагы Wendigo Road районунда табылган.

Миңдей адам үйлөрүн таштап кетүүгө аргасыз болду.

Буга чейин 23-апрелде Американын Нью-Жерси штатынын Оушен округунда токойдогу өрттөн улам 3,5 миң адам эвакуацияланды. Расмий маалыматтарга ылайык, 1320 имарат коркунучта турат. Учурда тилсиз жоо каптаган жердин 10% аянты чектөөгө алынды.