Дмитрий Бивол менен Артур Бетербиев үчүнчү беттештин келишимине кол коюшту


Бул тууралуу Чемпионат басылмасы Маsh телеграм-каналдын маалыматына таянып жазды.

Мушкер Дмитрий Биволдун машыктыруучусу Дмитрий Кирилловдун айтымында, тараптар алдын ала келишимге кол коюшту.

Белгилей кетсек, Бивол менен Бетербиев эки ирет беттеш өткөргөн. Биринчисинде, 2024-жылдын 12-октябрдан 13-октябрга караган түнү Сауд Аравиянын Эр-Рияд шаарында Артур Бетербиев жеңишке жеткен.

22-февралдан 23-февралга караган түнү кайра эле Сауд Аравиянын Эр-Рияд шаарында спортчулар реваншта кезигип, анда Дмитрий Бивол уткан.

Ага ылайык, Дмитрий Бивол бокс боюнча жарым оор салмакта дүйнөнүн абсолюттук чемпиону болгон.