Коом

Борбор калаада Эгемендүүлүктү белгилөөгө даярдыктар көрүлүүдө

Борбор калаада Эгемендүүлүктүн 29 жылдыгын белгилөөгө даярдыктар көрүлүүдө. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, «Ала-Тоо» аянтынын «Илбирс» имаратынын сыртына майрамдык баннерлер илинип, жасалгалоо иштери жыйынтыкталды. Жалпы шаардык жасалгалоо иштерине, иш-чараларга жана фейерверкке 2 миллион 700 миң сом каралган.

«31-августта аянтта медициналык «Тез жардам» кызматынын унаасы жана бир өрт өчүрүү унаасы болот. Коомдук коопсуздукту камсыздоо максатында Бишкек шаарынын ИИББинин жеке курамы тартылган», — деп айтылат маалыматта.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button