2025-жылдын 16-17 май күндөрү КР КК Улуттук гвардиясынын аскер бөлүктөрүндө жаш жоокерлерди аскердик антка келтирүү боюнча салтанаттуу иш-чаралар болуп өттү.
Жаш жоокерлер бир ай ичи бою окуу курсун өтүшүп, аскердик кесиптин алгачкы билимдерин алышты. Окуу курсу учурунда жаш жоокерлерибиз мамлекеттик укуктук, саптык, ок атуу, атайын тактикалык жана башка күжүрмөн даярдык сабактарын окушуп, аскердик ант алууга даярдык көрүштү.
Бул салтанаттуу иш-чараларга Улуттук гвардиянын Кол башчысы гвардиянын полковниги Талантбек Эргешов, ардагерлер запастагы генерал-полковник Абдыгул Чотбаев, генерал-майор Асанбек Алымкожоев, Республикалык жоокерлердин энелери комитетинин төрайымы Уулкан Байгубатова, ошондой эле жаш жоокерлердин жакындары жана меймандар катышышты.
Иш-чаранын жүрүшүндө гвардиянын полковниги Талантбек Эргешов жана чакырылган коноктор жаш жоокерлерди ант бериши менен куттуктап, өздүк курамга чың ден-соолук жана Ата-Мекенге болгон кызматта ийгиликтерди каалап өтүштү.
Салтанатттуу иш-чараны ардак кароол ротасынын аскер кызматкерлеринин саптык даярдык машыгуу, куралдуу кылмышкерлерди кармоо боюнча тактикалык эпизоддор жана куралсыз кол-уруш ыкмалар көрсөтмө көнүгүүсү менен улантылды.
Салтанаттуу иш-чара жаш жоокерлердин өздөрүнүн жакындары менен сурөткө эстеликке түшүүсү менен аяктады.