Саламатсыздарбы?
Мен да сиздер жазган ар түркүн тагдырларды окуп, өзүмдүн башымдан өтүп жаткан окуялар менен бөлүшүп, кеңеш сурагым келди.
Атым Сезим, жашым 24тө, мен төрөлгөндөн кийин апам мурдагы сүйгөнү менен Польшага качып кетиптир, аны уккан атам көпкө чейин өзүнө келе албай ичкиликке берилип, мени да унутуп коюптур. Атамдын туугандары мени 13 жашка чейин багып, андан кийин мектеп-интернатка берип коюшкан. 18 жашка чыкканымда медресеге окуй баштадым. Атам байкуш өзүнө келе албай, жаман аракты таштай албай акыры боор оорусуна кабылды. Эмне кылышымды билбей, медреседе кыйналган күндөрүм өтө берди. Өзүм жалгызмын, атамдын туугандары деле эптеп алыс кармаш үчүн ар кайсы жакка тентитти. Тагдырымды жек көрүп, атамды гана кыя албай эптеп чоңоюштун айласын кылдым. Күндөр өтүп жатты, эч ким менен сүйлөшпөйм, аябай түнт болуп бараттым.
Ошондой күндөрдүн биринде бизге кайрымдуулук кылган бир үй-бүлө келди. Баарыбызга жакшы мамиле кылып, кооз кийимдерди сатып келип беришчү. Жатак мектепте, кайра медреседе окуганым үчүн шаарды деле жакшы билбейм, сырттагы дүйнөнү түшүнбөй чоңойдум. Ошол үй-бүлөгө жардамчы кыз керек дегенинен мени тандап алышыптыр, баарына моюн сунуп көнүп калган жаным буга да макул болдум.
Башка үй, чоочун үй-бүлө, алардын 3 кызы анан мен, аларга жардамчы болуп колумдан келген аракетимди кыла баштадым.
Өзүм түнт болуп калганым аз келгенсип, коркок да болуп калганымды ошондо түшүндүм. Бир нерсени туура эмес кылып албадымды деген суроолор менен түйшөлүп, кыжалат боло берчүмүн. Жаркын эже (менин кожойкем) башында бир мүнөз, оор басырыктуу болчу, кийин заарын чачып, жаман сөздөрү менен тилдей баштады. Ага атамдын мас болуп келгени себеп болду. Атамды кетирип үйгө келсем аябай жаман сөздөр менен урушту. Ошондон кийин атама да жолуга албай калдым. Жаркын эжеге караганда анын жолдошу Орунбек байке аябай сонун мамиле кылып, балдарынан айырбай баарын алып берип жатты. Бир жолу мага телефон алып келди, анда мен 19 жашка жаңы чыккам, өмүрүмдө алган эң чоң жана унутулгус белек ошол болду окшойт. Кубанычым койнума батпай, Жаркын эженин жаман көргөнүнө карабай сүйүнгөм. Эртеси менин айымдан үйдө чоң уруш чыкты, “муну эмнеге анча эркелетип жатасың, же эмне токол кылып алайын деген максат менен үйгө алып келдиңби, жаш, сулуу болсо көзүңө башкача көрүнүп жатабы” деген оор сөздөрдү Жаркын эжеден угуп, дароо эле кийимдеримди камдай баштадым. Үйдөн кантип чыгып кеткенимди түшүнбөй калдым, артымдан жүгүрүп эле Орунбек байке келди.
Аны көрүп алып шолоктоп ыйладым, ыйлаганыма чыдабай кетти окшойт, кучагына бекем кычып кучактады. Ошондо менде түшүнүксүз сезимдер пайда болду, өзүмдөн чоочуп кетип артка жылдым. Орунбек байке мындай жаңжал экинчи кайталанбайт деген сөзү менен мени жоошутуп, менин көңүлүмдү көтөрүү үчүн болгон аракетин кылып жатты. Биринчи жолу ээн-эркин Бишкектин көчөлөрүндө бастым. Ошондогу жеген балмуздактын даамы азыркы күнгө чейин эсимде…
Ошентип, түн болоюн дегенде үйгө келдик, мени жек көргөн көз карашы менен Жаркын эже тосуп алды.
Мен эми Жаркын эже менен такыр сүйлөшпөй калдым, эртерээк күн өтүп Орунбек байкенин келишин күтүп калдым, ал келгенде үйдүн ичи жаркып, кыздардын баары каткырып, баягы тынчтыкты каткырыктын үнү буза баштайт. Акыркы күндөрү Орунбек байкеге болгон сезимдерим башкача боло баштаганын сезгенимде үйдөн кетүүнү чечтим.
Жаркын эжеге бул сөзүм майдай жагып, бат эле кафеде тейлөөчү болосуң деп жумушка да сүйлөшүп коюптур. Шаардын четинен арзаныраак жер тамга атам менен батирге чыгып, кафеде иштеп баштадым.
Өзү алып берген телефонго Орунбек байке күн алыс чалып, абалымды сурап, кийинки күндөрү түшкү тамактанууга мен иштеген жерге келип жүрдү. Аны көргөн сайын өзүмдү коерго жер таппай, бактылуу болуп, ал кеткенде издей баштачу болдум.
Акыры Орунбек байке бир жолу келгенинде “кечинде сени мен алып кетем” деп калды, дароо макул болдум. Жолуктук, байкенин көздөрүнөн башкача жароокерликти сездим, тамактандык, шаардын үстүнөн карап келели деп “Панорамага” чыктык. Мендеги ошол бактылуулукту сөз менен жеткире албайм, бирок аны Орунбек байке байкады.
“Сен да мени жактырасың, аны билем” деп жүзүмдөн өөп койсо, кантип башымды ийкеп алганымды түшүнбөй калдым.
Экөөбүз ошол күндөн баштап күнүгө жолугуп турдук, жашоодо эң алгачкы жана чыныгы махабатым Орунбек байке болуп калды. Мурда жөн гана таза жолугушуу, баарлашуу, эми кумарлуу түндөргө айланып, Жаркын эженин башын экөөбүз тең аттадык. Өзүмдү аябай күнөөлүү сезгеним менен бул сүйүүнүн алдында алсыз болуп туруп бердим.
Аял аябай сезимтал болот эмеспи, Жаркын эже баарын билди, мунусунда да ачуу сөздөрү менен сабады, бирок мен өз күнөөмдү мойнума алып үн-сөз жок уктум, кайыл болдум. Атама да баарын айтты, ал да тынч эле угуп, бир сөз айтпай туруп үйгө кирип кетти. Атам экөөбүз көп деле сүйлөшпөгөн үчүн бул жагдайда да сүйлөшө албадык, болгону “башка жакка көчүп кетеличи, жумушуңду да алмаштыр, уятың болсо токтот” деди, ошол сөздөрү катуу тийди.
Ошондон кийин Орунбек байке да чалбай, жазбай калды, мени кара тизмеге киргизип коюптур, балким Жаркын эже киргизсе керек.
Аны аябай сагынып жүрдүм, көпкө чейин кыйналдым. Арадан 1 ай өткөндө кош бойлуу экенимди билдим, аны да өзүм эмес атам байкады. Ошол учурда атамдын да оорусу күч алып, эмне кылышымды билбей калдым. Башында “алдырып сал” деген атам эми тим кой, чогуу багабыз деп чыйралып калыптыр. Ошол сөзүнө аябай ыраазы болдум.
Жумушта да иштеп, атама да карап, айтор жашоо үчүн күрөш уланып жатканда атам оо дүйнөгө узап кете берди. Аскам кулап отуруп калдым, туугандары айылга алып барып коюшту. Мен эми жалгыз калдым дегиче ай-күнүм жетип уулдуу болдум. Аябай сүйүндүм.
Өткөн кайгымдын баарын унута түштүм, дароо эле Орунбек байкеге сүйүнчүлөгүм келди, балаңыз өзүңүзгө куюп койгондой окшош деп айткым келди, бирок анте албадым. Ал да мени эстеп койгон жок.
Уулум төрөлгөндөн кийин чыныгы оор жашоону көрө баштадым, атамдын карындашына уулумду таштап коюп иштеп жүрдүм, 6 айында эле сүттөн чыгарып салдым.
Кошуна эжеден тигүүчүлүктү үйрөнүп, цехте иштей баштаганда ишим оңолуп, жанымдагы эже-сиңдилер менен сырдаш болуп, күндөрүм бир аз кызыктуу өтүп калды. Ошентип уулум экөөбүз чогуу кыйналып жүрүп 2 жашка толду.
Бир жолу кошуна тигүүчү эженин туулган күнүндө кафеге бардык, уулумду жаныма алып баргам. Биз отурган столдун ары жагында тааныш караан отуруптур, ал Орунбек байке болчу. Бири-бирибизди таанымаксан болсок да басып барып сүйлөгүм келди, бирок уулумду кучактап отуруп алдым. Бир кезде катуу музыканын коштоосунда “Сезим” деген үндү уктум, карасам Орунбек байке ымдап сыртка чакырды.
Мени издебей, таштап кеткенине таарынганымды ошондо билдим, унчукпай тура бердим. Мени кучактагысы келип колун созо бергенде “Апалап” ыйлап балам келип калды. Уулуңуз Ариет деп тааныштырдым.
Орунбек байке нес болуп, мени кайра баласын карап аң-таң болуп туруп калды. Сизди канча күттүм, чалдым, жада калса акмалап үйгө чейин бардым десем, “биз ал үйдү сатып кетип калганбыз” десе ушунчалык кыжырым келди. Баламды кучактап басып бара жатсам колумдан тартып, номеримди сурады, атасын билсин дедимби же жолугуу үчүн шылтоо издедимби, номеримди берип кетип калдым.
Ошол эле түнү чалды, жолуккусу келгенин айтты, макул болуп батирдин дарегин жөнөттүм.
Өткөн-кеткен баарын сүйлөштүк, биринчи жолу уулдуу болгонун угуп кубанычы койнуна батпай, эртеси балабызды ойнотуп келмей болдук. Бүткүл кыйынчылыкты Орунбек байкенин келиши менен унутуп, ошол түндү чогуу өткөрдүк. Жанымда сүйгөн адамым, сүйүүбүздөн жаралган уулум бар деп ошондо чыныгы бакытты сездим. Бирок ал бакыт көпкө созулган жок.
Орунбек байке Жаркын эжеге барып уулу бар экенин айтыптыр, ошондо тиги эже кайра баягыдай адам чыдагыс сөздөрү менен ашатып сөктү, балабызды тартып аларын айтканда кадимкидей коркуп кеттим.
Анткени Жаркын эженин бир туугандары аябай таасирдүү адамдар экенин алардын үйүндө иштеп жүргөндө билгем.
“Колуңдан эч нерсе келбейт, эртең балаң эмес, өзүңдү кошо унуткандай кылам” деген смс да жазыптыр. Аны Орунбек байкеге окутсам “Мен да ошол үчүн ажыраша албай жүрөм” деди…
Азыр эмне кылышыбызды билбей жүрөбүз, Орунбек байке жашыруун эле нике кыйып алалы деп жатат, а мен аялынан коркуп жашап жүрөм.
Кеңеш бергилечи, мындай жагдайда эмне кылсам болот?
Автор: Асель Жаныбек
Бул макала “Kadam-media.kg” маалыматтык порталынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазуу жүзүндөгү уруксаты менен гана мүмкүн.