Саясат
Бишкек шаарында 233 шайлоо тилкеси даярдалды
Бишкек шаарында 233 шайлоо тилкеси даярдалды. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, Бишкек шаарынын Ленин районунда 65 шайлоо тилкеси, Октябрь районунда — 59, Свердлов районунда — 51 жана Биринчи май районунда 58 шайлоо тилкеси ачылган.
Учурда шайлоо тилкелерине интернет тартуу жана генератор менен камсыз кылуу иштери жүргүзүлүүдө.