Индонезияда жанар тоо атылып, коркунучтун деңгээли жогорулады


Бул тууралуу Известия өлкөнүн жанар тоо боюнча агенттигинин (Pusat Vulkanologi dan Mitigasi Bencana Geologi) маалыматына таянып кабарлады.

Анда белгиленгендей, Индонезиядагы Флорес аралынын түштүк-чыгышында жайгашкан Левотоби Лаки-Лаки (Мале) жанар тоосунда активдүүлүк байкалганын жүргүзүлгөн анализ көрсөттү.

“Мындан улам Левотоби Мале жанар тоосунун коркунучу жогору. Активдүүлүк III деңгээлден IV деңгээлге чейин жетти”, — деп айтылат маалыматта.

Буга байланыштуу агенттик Нуса-Тенагра провинциясындагы туристтерди жана жергиликтүү тургундарды тынчтыкты сактап, айтылган сунуштарды аткарууга чакырды.

Агенттик берген статистикага ылайык, Левотоби Лаки-Лаки жанар тоосу күн мурун бир нече жолу атылып, коюу боз күлүн чачты. Активдүүлүктүн деңгээлинин жогорулашы дагы эле байкалууда.

Филиппиндин сейсмология институту (PHIVOLCS) 13-майда Негрос аралындагы Канлаон жанар тоосунун чокусунун кратеринде орточо атылышы мүмкүн экенин эскерткен. Адистер учурда жанар тоо «магматикалык толкундоолор» абалында экенин тактап, жаңы атылышын эскертишти