Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.
Ишкананы курууга «Иман Билдинг» компаниясы 4 млн доллар сарптаган. Ал 5 гектар жерге салынган. Ишкана күнүнө 120 миңдей кыш чыгарып турат.
Заводдун ачылышына катышкан министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев учурда өлкөдө курулуш кызуу жүрүп жатканын, ага байланыштуу кышка болгон муктаждыкты жабууга өбөлгө түзө турганын айтты.

