Коом
Дагы 2 медицина кызматкери коронавирус инфекциясын жуктурганы аныкталды
Акыркы бир сутка ичинде өлкөдө дагы 2 медицина кызматкери коронавирус инфекциясын жуктуруп алды. Бул тууралуу маалыматты республикалык штабдан билдиришти.
Ысык-Көл
облусунда – 1;
Жалал-Абад облусунда – 1.
Ал эми бир суткада ооруканалардан 7 медкызматкер жана үй карантининен 9
медкызматкер айыгып чыгарылган.
Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен
медициналык кызматкерлер арасында – 3243 учур катталды, алардын
ичинен 2992 медкызматкер айыгып чыкты.