Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.
Урматтуу бүтүрүүчүлөр! Акыркы коңгуроо — бул өмүрдөгү өзгөчө күндөрдүн бири катары эсиңиздерде калышы керек. Ошондуктан, Ички иштер министрлиги сиздерден бул майрамды шаңдуу маанай менен, бирок ошол эле учурда жоопкерчилик менен өткөрүүнү суранат. Коомдук тартипти сактап, ар кандай мыйзам бузуулардан алыс болуңуздар.
Ошондой эле, бул күндөрү милиция кызматкерлери республиканын бардык аймагында күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөшөт. Коомдук коопсуздукка жана жол кыймылынын коопсуздугуна өзгөчө көңүл бурулат.
Келечегиңиздер кең, жолуңуздар байсалдуу болсун!

