«Бедел» өткөрмө пункту кайрадан ишин жандантты


Кыргыз-Кытай чек арасындагы «Бедел» өткөрмө пункту кайрадан ишин жандантты. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматы маалымдады.
Аталган өткөрмө жай көп тараптуу (эл аралык) пункт катары эсептелет жана күнү-түнү тынымсыз иштей турганы айтылды. Ошондой эле Кыргызстан менен Кытай тараптарынын макулдашуусуна жараша өткөрүү тартибине өзгөртүүлөр киргизилиши мүмкүн экени белгиленди.
«Бедел» өткөрмө бекети Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунда жайгашкан. Ал былтыр, 2024-жылы ачылып, бирок катаал аба ырайына байланыштуу күзүндө убактылуу жабылган.