Бишкекте кондиционер орнотуп жаткан киши 7-кабаттан кулап каза болду


Маалыматты Ленин РИИБинен тастыкташты.
Окуя тууралуу маалымат 102 кызматына түшкөн. Ленин райондук ИИБдин ыкчам-тергөө тобу дароо жерине барышкан.
Кырсык Бакаев көчөсүндө жайгашкан 12 кабаттуу турак үйдө болгон. 34 жаштагы Б.А. аттуу жаран кондиционер орнотуп жаткан учурда кулап кеткен.
Маркумдун жакындары бул кырсык экенин айтып, эч кимге доосу жок экенин билдиришкен.