2025-жылдын 21-май күнү Талас районунун Кырк-Казык айылында кызматтык милдетин аткарып жаткан Талас ОИИБдин Коомдук коопсуздук кызматынын кызматкерлери Эркин Койкумбаев, Руслан Акматов жана Арал айылынын тургуну Бактыгул Жаныбеков суусу шар аккан каналда үч кыз агып баратканын байкап калышып, эч ойлонбостон каналга секирип, кыздарды куткарышкан.
Кыздарды суудан чыгарышкан соң милиция кызматкерлери биринчи медициналык жардам көрсөтүшкөн. Азыркы учурда кыздардын бардыгынын абалы туруктуу.
Аларга Кыргыз Республикасынын Президентинин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Эрмат Джумаев кабыл алып, аларга жаш өмүрлөрдү сактагандыгы үчүн ыраазычылык билдирип, ардак грамоталарды тапшырды.
Милиция жаш өспүрүмдөрдү шар аккан суу бойлоруна жөнөтпөөнү жана көзөмөлү жок калтырбоону эскертет.