Саясат

Башкы прокуратурага «Чоң казат» партиясынын мүчөсү Сыймык Жапыкеев келип, имараттын ичине кирди

Митингчилердин тобу Башкы прокуратурага да барды. Имараттын тегерегинде 300дөй адам бар.

Башкы прокуратурага «Чоң казат» партиясынын мүчөсү Сыймык Жапыкеев келип, имараттын ичине кирип кетти.

Имараттын ичинде Алмамбет Шыкмаматов да бар.

Учурда Жапыкеев менен Шыкмаматовдун катышуусунда чогулуш өтүүдө.

Башкы прокуратуранын аймагында «Чоң казат» жана «Бир Бол» партияларынын өкүлдөрү турат. Айрым митингчилер кетип калышты.

Буга чейин Шыкмаматов башкы прокурордун милдетин убактылуу аткарып жатканын жарыялаган.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button