КР УКМК тарабынан мыйзамсыз менчиктештирилген жер тилкелерин кайтаруу боюнча жүрүп жаткан иштердин алкагында Ош облустук мүлк фондунун жооптуу кызматкерлери тарабынан 1,53 га жер тилкеси мыйзамсыз жеке менчикке берилгендиги аныкталды.

2025-жылдын 30-апрелинде “Ошайылкурулуш” ААКнын төрагасы И.А.Т. тарабынан 1,53 га жер тилкесин акысыз өткөрүп берүү келишимин негизинде Ош шаарынын мэриясынын Муниципалдык менчик башкармалыгынын балансына өткөрүп берди.

