Саясат

Шаарга жылуулук керек, Суракматов кызматка кайт!

Социалдык тармактарда мэр Азиз Суракматовдун  кеңешчиси Гуля Алманбетованын колуна плакат кармаган сүрөтү тарады.

Анда Гуля Алманбетова “ Шаарга жылуулук керек, Суракматов кызматка кайт!”,- деп жазып алганын көрүүгө болот. Кеңешчинин бул кадамын айрым интернет колдонуучулары колдоого алып, көп кабаттуу үйлөрдө карыялар менен жаш балдар үшүп жатканын жазып калтырышты.

Эске салсак, кечээ, 6-октябрда Бишкек шаарынын мэри Азиз Суракматов өз каалоосу менен кызматтан кетүү боюнча арызын жазган. 

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button