Коом

Баткенде Өзбекстандын колдоосу менен башталган оорукананын модулдук курулмалары орнотулуп бүттү

Кошуна Өзбек Республикасынын колдоосу менен Баткен облусунун Кадамжай районунда курулушу башталган 200 орундуу жугуштуу оорулар ооруканасынын модулдук курулмалары орнотулуп бүттү.
Жеңил конструкциядагы оорукана Кадамжай районунун аймактык ооруканасынын короосуна, 1 гектарга жакын аянтка курулууда.
Учурда оорукананын чатырын жабуу, суу, электр энергиясын жеткирүү аракеттери көрүлүп, канализация жана ички жумуштары жасалууда. Курулушта 45 жумушчу иштеп жатат.
Өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button