Кылмыш-кырсык

Ноокат районунда мал уурдаган шектүүлөр кармалды

2020-жылдын 6-декабрь күнү Ноокат районунун Кулатов а/о Кожо-Арык айылынын тургуну 43 жаштагы Ж.А. 2 баш 4 жашар өгүздөрүн 6-декабрь күнү саат 02:00 чамаларда үйүндөгү мал сарайынан уурдап кеткени боюнча арыз жазган.

Бул факты Ноокат РИИБдин КЖБРне катталып, Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 200-беренесиндеги кылмыш белгилери боюнча сотко чейинки өндүрүш иши козголгон.
Жогорудагылардын негизинде 2020-жылдын 8-декабрь күнү Ноокат РИИБдин Көк-Жар Айылдык милиция бөлүмчөсүнүн милиция кызматкерлери кылмышкерди табуу үчүн ыкчам иш-аракеттерди жүргүзүп, алынган ыкчам маалыматтардын жыйынтыгында кылмышка шектүү катары Өзгөн районунун Шералы айылынын тургуну 38 жаштагы Н.К. жана Баткен обласынын Кызыл-Кыя шаарынын тургуну 31 жаштагы У.Э. кармалып, Ноокат РИИБдин Тергөө кызматына өткөрүлүп берилди. Учурда убактылуу кармоочу жайга киргизилип, тергөө иштери жүрүп жатат.
Жоголгон малдардын эттери Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаарындагы мал союучу жайдан табылган.
Жалпы келтирилген зыян 130 миң сомду түзөт.
Ош ОИИБдин Басма сөз кызматы

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button