Түркияда автобус жол кырсыгына кабылып, алты турист жабыркады


Бул тууралуу Известия IHA агенттиги билдиргенин кабарлады.

Маалыматка караганда, жол кырсыгы Манавгат районунда катталган. Анда кичи автобустун айдоочусу унааны башкара албай калып, тосмодон ашып кулаган.

Жабыр тарткандардын бешөө Германиянын жана бирөө Казакстандын жараны экени айтылды. Алардын баары ооруканага жаткырылган. Жалпысынан кичи автобуста 12 киши бараткан.

Айдоочу кырсык болгон жерден качып кеткен. Кийинчерээк аны Гюндогду районунан кармашты. Ал дагы ооруканага жеткирилген. Укук коргоо органдары окуя боюнча иликтөө иштерин жүргүзүүдө.