Коом

Акыркы суткада коронавирустан эки адам каза таап, 58 киши инфекция жуктуруп алды

Кыргызстанда коронавирустан эки адам каза таап, 58 киши аталган инфекцияны жуктуруп алды. Бул тууралуу Республикалык штаб кабарлады.

Жуктургандар:

Бишкек – 30;

Ош – 5;

Чүй облусу – 7;

Талас облусу – 2;

Нарын облусу – 4;

Ысык-Көл облусу – 7;

Баткен облусу – 3.

Айыккандар:

Бишкек – 75;

Ош шаары – 17;

Чүй облусу – 42;

Ош облусу – 7;

Талас облусу – 3;

Нарын облусу – 2;

Ысык-Көл облусу – 38;

Жалал-Абад облусу – 13;

Баткен облусу – 6.

Бир сутка ичинде коронавирустан Бишкекте эки киши каза тапкан.

Ушуну менен оору илештиргендердин саны өлкөдө 81 214кө жетти. Анын ичинен 76 351 бейтап ооруну жеңсе, тилекке каршы, 1 358 адам коронавирустун курмандыгы болгон.

Учурда стационарда 985 бейтап дарыланууда. Анын ичинен 251 адамдын абалы оор болсо, 49 бейтаптыкы өтө оор деп бааланууда. 1 604 киши амбулатордук шартта дарыланып жатканы айтылды.

Кечээтен бери эки медиктен коронавирус табылган. Бишкекте бир медицина кызматкери ооруну кызыл зонадан илештирип алса, дагы бири Ысык-Көлдөн жуктурган.

 

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button