Кылмыш-кырсык
Бишкек-Ош унаа жолундагы кырсыктан 5 адам жабыркады
Бишкек-Ош унаа жолунун 240-чакырымында (Тел-Кайын тилкеси) 3-январда Honda Accord жана Daewoo Nexia унааларынын катышуусунда жол кырсыгы катталган.
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, кырсыктын кесепетинен 5 эркек киши жабыркаган.
Куткаруучулар жеткенге чейин жабыркаган жарандарды жолдо өтүп бара жаткан унаалар аркылуу Токтогул райондук ооруканасына жеткирилген. Абалдары туруктуу.