Саясат

Кытай Төрагасы Си Цзиньпин Садыр Жапаровду Президент болуп шайланышы менен куттуктады

Кытай Эл Республикасынын Төрагасы Си Цзиньпин Садыр Жапаровду Кыргыз Республикасынын Президенти болуп шайланышы менен куттуктады.
«Өлкөлөрүбүздүн жана элдерибиздин жыргалчылыгы үчүн Сиз менен биргелешип “Бир алкак — бир жол» долбоорун куруунун алкагында өз ара пайдалуу кызматташтыкты чыңдоо жаатында чогуу аракеттерди жумшоого даярмын», – деп белгиленет куттуктоосунда.
Си Цзиньпин Садыр Жапаровго бекем ден-соолук, бакубатчылык жана жогорку мамлекеттик кызматта чоң жетишкендиктерди, өлкөгө өсүп-өнүгүүнү, ал эми кыргыз элине бакыт-таалай каалады.
КР Президенти кызмат ордуна талапкер Садыр Жапаровдун шайлоо штабынын басма сөз кызматы

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button